Президенттик шайлоодон кийин кылмыш иши козголуп, Кыргызстанды таштап сыртка чыгып кеткен Өмүрбек Бабанов өзүнүн «Instagram» баракчасы аркылуу уулуна “Алтын сертификат” тапшырган мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго “баламдын ийгилиги менен куттуктап, жакшы каалоо айтканыңызга терең ыраазымын” – деп билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен окууда мыкты ийгилик көрсөткөн окуучуларга «Алтын сертификат» тапшырган. Алардын арасында Өмүрбек мырзанын уулу Нурэмир Бабанов дагы болду. Өлкө башчысы Нурэмирдин бетинен өөп, сыйлыгын тапшырды. Бул жагдай коом тарабынан «Жээнбековдун айкөлдүгү катары» бааланды. Ал эми өзүнүн акыл көрөңгөсү, билими аркылуу ийгиликке жеткен Нурэмир: «Мага бул сертификаттын пайдасы деле тийбейт мен чет өлкөдөн окуйм» – дегенди айтты.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ