Menu

Президенттик аппараттын Жээнбековго байланыштуу тамаша сүрөткө дооматы жок

Бөлүшүү:

Президенттик аппараттын мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго байланыштуу тамаша сүрөттөргө эч кандай дооматы жок. Аппараттын коомчулук менен байланышуу бөлүмү 1-октябрда ушундай билдирүү таратты.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева төмөнкүдөй комментарий берди:

– Башка окурмандар сыяктуу эле президент бул сүрөттөр жөнүндө социалдык тармактардан билген. Мамлекет башчысы эл катары ал сүрөттөргө күлгөн. Ошол бойдон сүрөттөр унутулуп калган. Анан эле Башкы прокуратуранын маалыматы пайда болду. Ачыгын айтсак, бул президенттин аппараты үчүн күтүлбөгөн жагымсыз маалымат болду.

Быйыл жайында бишкектик дизайнер Никита Тарасенко президенттин басма сөз кызматы тараткан Сооронбай Жээнбековдун жайкы эс алуусундагы сүрөттөргө тамашалуу сөздөрдү жазып, Интернетке жайгаштырган.​

Дизайнер 29-сентябрда Башкы прокуратурага чакырылып, түшүнүк кат жазганын ММКларга айткан.

Маалыматка караганда, прокуратурага белгисиз адам “Тарасенко президентти келекелеп жатат” деген арыз менен кайрылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: