Menu

25-майда акыркы коңгуроого арналган иш чараларды өткөрүүдө ички иштер органдары өз балдарын көзөмөлгө алуусу үчүн ата-энелерге кайрылат

Бөлүшүү:

«Акыркы коңгуроого арналган иш чараларды өткөрүүдө балдардын жүргөн жерин жана өзгөчө кечки убакта алардын унаа башкаруусуна жол бербөө жана көзөмөлгө алуусу үчүн ата-энелерге кайрылабыз», — деди Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин өспүрүмдөрдүн ишин текшерүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Абдрахманов бүгүн, 23-майда өткөн маалымат жыйынында. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Окуу жылынын аякташына байланыштуу 25-майдагы салтанаттуу иш чараларды өткөрүүдө коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында республика боюнча ички иштер органдарынын 4 миңден ашык кызматкерлери иш алып барат. Республика боюнча Ички иштер органдарынын ар бир бөлүмүндө салтанаттуу иш чараны көзөмөлдөө жана коомдук жайларга бүтүрүүчүлөрдүн массалык кирүүсүн текшерип, мониторинг жүргүзүү боюнча штабдар түзүлөт. Сейил бактарында, эс алуу жайларында ыкчам жөө жүргөн милиция кызматкерлери тартылып, алардын ар бири өздөрүнө бөлүнгөн аймактардагы коопсуздукту жеке жоопкерчилигине алышат.

2017-жылда 9-классты аяктагандардын саны 92 миң, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрү 62 миңди түзөт.

Бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда жол кырсыктары тууралуу маалымат берген Азамат Абдырахманов, унаадан башын чыгарып алып, кыйкырган, же жол эрежелерине тоскоол болгон көрүнүштөр үчүн унаанын айдоочусу катуу жоопкерчиликке тартыларын баса белгиледи. Унаалардын колоннасын бештен ашырбоо боюнча чектөө киргизилди.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектеп жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиевдин маалыматында акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу иш чаралар республика боюнча эртең мененки 9.00-13.00 чейин билим берүү мекемелеринин аймагында гана өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: