Menu

Москвада теракт уюштурууга шектелгендер кармалды

Бөлүшүү:

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Москвада террорчул топ колго түшүрүлгөнүн билдирди. “Интерфакс” агенттиги кабарлагандай, бул топ баш калаанын соода борборлорунда теракт уюштурууга даярданган деп шектелүүдө.

Маалыматка ылайык, кармалган төрт кишинин үчөө -тажик жарандары. Жардыруучу затты мыйзамсыз алып жүргөн деп айыпталган бул кишилердин бири күнөөсүн мойнуна алганы кабарланды. Сот аларды эки айга камакка алды.

Төрт адамдын бири Орусиянын жараны экени белгилүү болду. Бирок анын баш коргоо чарасы тууралуу азырынча маалымат жок.

Орусиянын атайын кызматы кармалгандардын арасында тыюу салынган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун эмиссары, жардыргыч зат жасоочу адис жана эки “жанкечти” бар деп кабарлады.

Апрель айында 14 адамдын өмүрүн алган Санкт-Петербургдагы жардыруудан бери Орусиянын аймагында теги борборазиялык кеминде 17 адам кармалды. Тергөөчүлөр Кыргызстанда төрөлүп, орус жарандыгын алган Акрам жана Аброр Азимовдорду теракттын негизги уюштуруучулары катары көрсөтүп келет. Азимовдор кармалганга чейин ФСБнын жашыруун түрмөсүндө кыйноого кабылганын айтып жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: