Menu

Кыянбек Сатыбалдиевдин Жалал-Абадда аброю «нөл» экен

Бөлүшүү:

Буга чейин «диплому чала» деп сындалып келген өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин кашаңдыгы, иш билбеген мажирөөлүгү боюнча көп жазылды. Аталган облуста жергиликтүү кеңештеги шайлоолордо КСДП уттуруп келгенин билебиз. Себебин түшүнүп атасыңар да. Башчысы жарыбаса, эли тескери кетет тура. Эми алдыда президенттик шайлоо. Мындай шартта саясатташкан облуска ишбилги, чыйрак губернатор болбосо, кырдаал чындап эле тескери жагына оойт. Учурда Кыянбектин тажрыйбасыздыгы, уюштуруучулук жөндөмүнүн жетишсиздиги жагынан нааразычылыктар айтылып, жергиликтүү жетекчилер жогору жакка үндөрүн жеткизе албай жатышыптыр. Айтмакчы, жакында КСДПнын түштүк региону боюнча штаб башчысы Икрам Илмиянов Жалал-Абадды кыдырып, акимдер, жергиликтүү активисттер менен жолугушуп, бирок губернатор Сатыбалдиевди киши катары да көрбөй, аны эч бир жыйынга чакырбаптыр. Дал ушул жерден эле ачык байкалып атпайбы, Жалал-Абадды кандай «чоркок» адамга башкартып алышканын…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: