Menu

Орусияда Немцовду эскерүү жүрүшү болду

Бөлүшүү:

Москва жана Орусиянын башка шаарларында Борис Немцовду эскерүү маршы өтүүдө. Ал саясатчынын өлтүрүлүшүнүн эки жылдыгына арналган.

Ыктыярчылар тобунун маалыматына караганда, Москвадагы акцияга 15 миңдей киши катышты. Айрымдары жүрүштөн кийин оппозициячы атылып өлтүрүлгөн баш калаа борборундагы көпүрөгө барышты.

Жүрүштүн алдында белгисиз бирөө ПАРНАС партиясынын лидери Михаил Касьяновго боек төгүп жиберди. Андан тышкары «Тилектештик» кыймылынын төрагасы Константин Ершов кармалды. Жүрүштүн уюштуруучулары акцияга чейин бир нече плакат жана Украинанын желектери алынганын маалымдашты.

Эскерүү акциясынын уюштуруу комитетине “Тилектештик”, “Парнас”, “Прогресс”, “Яблоко”, “Ачык Орусия”, “5-декабрь партиясы”, Либертариан партиясы, “Орусия тандоосу” сыяктуу уюмдар кирген.

Борис Немцов 2015-жылдын 27-февралында Москванын борборунда киши колдуу болуп өлгөн. Бул иш боюнча сот уланууда. Орусияда тергөө Немцовдун өлүмү Чеченстан полициясынын мурунку кызматкери Руслан Мухудиновдун буйрутмасы менен ишке ашкан деп эсептейт. Ага сыртынан айып тагылган жана эл аралык издөө жарыяланган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: