Menu

Нурбек Искаков: “Ысык-Көл областтык жана Жогорку соттун судьялары жасалма документке таянып, чечим чыгарып жатышат”

Бөлүшүү:
Мен, Искаков Нурбек Ысык-Көл областынын Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Өрүк айылында жашайм. Биздин айылдын тоо тарабынан 2000-жылы 11-майда айыл өкмөттүн №122-токтомунун негизинде 6 гектар жерди өздөштүрүүгө алгам. Ал жердин ташын терип, тиешелүү салыктарын төлөп келгем. Колумда “кызыл китебим”, госрегистрден выписка, айыл өкмөтүнүн токтому турат.
 Ал жердин 1,4 гектарын өзүмдүн тууганым Искаков Бакытбек талашканына көп болду.
 Жети-Өгүз райондук соту  2015-жылы 1-октябрда  жеримди менин пайдама чечип берген.
 Эми арадан дээрлик эки жарым жыл өткөндөн кийин Искаков Бакытбек Ысык-Көл областтык сотуна кайрылыптыр. Сотко чакырышты, бардым. Сот болгону беш минутадай болду. Биринчи Искаков Бакытбектин адвокаты Бербаевди угушту, анан мени угумуш болушту. Колумдагы документтеримди көргүлө деп областтык сот Жаныбеков Медерге көрсөттүм. Ал ачып карап дагы койгон  жок. Совещательный комнатага кирип кетип, бат эле чыгышты. Менин  1,4 гектар “кызыл китебим” бар жерди тууганым Искаков  Бакытбектин пайдасына чечип салды. №1129 контуру менен №1124 контурунун айырмасын түшүндүрүү аракетим текке кетти. Сот Жаныбеков Медер түшүнгөн жок же түшүнгүсү келген жок.
Менде суроолор туулат. Дээрлик 2,5 жылдан кийин Искаков Бакытбек областтык сотко арыздана алат беле?  Жаныбеков Медер чын эле №1129 контуру менен №1124 контурунун айырмасын түшүнбөйбү? Бизде “кызыл китебиң” колуңда турса деле жеринди тартып алса болобу? Соттук аныктамада Жаныбеков Медердин колу турат. Калган соттор, Молдакунов А.К., Шамбетова М.У.  кол коюшкан эмес. Ушундай аныктама деле жарай береби ?
Ошентип биздин иш Жогорку Соттон каралып дагы деле Искаков Бакытбектин пайдасына чечип салды .
Искаков Бакытбек анын адвокаты бир токтомдун көчүрмөсүн көтөрүп жүрүшчү. Копиясын бергиле десем беришчү эмес. Жакында ошол токтомдун копиясын мен колума алдым. Андай токтом айыл өкмөтүндө дагы, акимиятта дагы жок болуп чыкты. Алар эгерде ушул иш боюнча сот болсо мындай токтом бизде жок деп көрсөтмө беребиз деп айтышты.
Мен ал токтомдун жасалма экенин башынан эле билчүмүн , райондук соттон копиясын алаарым менен  Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге  кат жаздым. Ушул жасалма токтом боюнча иш козгоп, ким жасалма кылса жоопко тартып бергиле, ушул жасалма токтомго таянып чечим чыгарган областык сот Жаныбеков Медерди  жана Жогорку Соттун судьясын жоопко тарткыла деп арманымды жакшы эле айттым.
Анан бат эле областтык УВДдан, облпрокуратурадан чалышып, аксакал жогорку жака жазбай эле бизге айтсаныз башын жулуп алат элек да дешип. Чакырып документтеримди көрүшүп, бул жер сиздики турбайбы деп анан райондук тергөөчүлөргө, финполицияга дагы катуу тапшырып узатышкан.
Андан бери бир айдан ашса дагы райондук тергөөчүлөр иш козгомок тургай ошол токтомдун көчүрмөсүн экспертиза кылганга алы келбей отурат. Мени узатып коюшуп тергөөчүлөргө басым кылып, алардын ишине тоскоол болуп жатышат менимче.
Мен буга чейин маселени укуктук талаада чечилсин деп келдим. Соттошуп жүрүп диплому жок юрист дагы болдум. Ушул жер үчүн канча жол чыгым, канча убактым кетти. Кээде туруп өзүмө суроо берем. Бул Кыргызстанда закон деген иштейби же биз орто кылымга кайтып келдикпи? деп. Бул бизге кандай заман орноп калды ?
Бизде документти жасалма кылганы үчүн өзүнчө статья бар го. Бул оор эле статья да?  Ошол документтин оригиналын көрбөй туруп чечим чыгарган областтык соттордун, Жогорку  Соттун судьясын  жоопкерчиликке тартышпайбы?  Искаков Бакытбекти, анын адвокатын токтомду жасалма кылып аны менен областтык соттун, Жогорку Соттун башын айландырганы үчүн жоопко тартса болот да?
Искаков Нурбек, Ысык-Көл областынын Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: