Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий окуу жай «олигархтарды даярдоо» боюнча өлкө университеттеринин алдында турарын айтты. Бул тууралуу ал окуу жайдын көзөмөлдөө кеңешинин жыйынында билдирди.
“Орусиянын билим берүү боюнча федералдык порталынын маалыматы боюнча ММУ өлкөдөгү ири компаниялардын жетекчилик кызматтарында иштеген бүтүрүүчүлөрүнүн саны боюнча биринчи орунда турат. Университеттердин арасында биз олигархтарды даярдоо жагынан биринчи орундабыз. Жакында эле жарыяланган QS дүйнөлүк рейтингинде да бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуусу боюнча ММУ үчүнчү орунду алды. Дүйнөдөгү бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтүүлүгү боюнча Стэнфорд менен Оксфорд гана алдыга чыккан”, – деди университет ректору Садовничий.
«Медуза» басылмасы белгилегендей, Садовничий QS Graduate Employability Rankings рейтинги тууралуу айткан болушу мүмкүн. Анда мүнөздөгүчтөрдүн бири боюнча ММУ чынында эле үчүнчү орунга жайгаштырылган. Бирок рейтингде беш мүнөздөгүч бар болгон жана жалпы эсепте ММУ алгачкы жүздүктүн гана ичине кирген.
Кийинчерээк университеттин басма сөз кызматынан калган мүнөздөгүчтөрдүн маанилүүлүгүн бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтүүлүгү менен салыштырып болбой турганын билдиришти.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ