Menu

Оштогу соодагерлер 4 айга болжолдонгон унду 10 күндө сатып коюшкан

Бөлүшүү:

Оштогу соодагерлер 4 ай болжолдонгон унду 10 күндө сатып коюшкан. Бул тууралуу  бүгүн, 10-апрелде Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымында, бардык ун сатуу пункттарында ундар жетиштүү.

«Сатуучулар мага 4 айга болжолдонгон унду 10 күндүн ичинде сатышканын айтышты. Кайдыгер эмес адамдар көп. Мисалы, гуманитардык жардам катары Чоң-Алай аймагына ун алып келгендерге тургундар ыраазычылык катары картошка беришти. Бүгүнкү күндө жардам катары Чоң-Алай районунан 27 тонна картошка жөнөтүлдү », – деди ал.

Ош облусунда 28 миң жакыр үй-бүлө каттоодо турат. Бүгүнкү күнгө чейин 35 миң 750 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

Жеке ишкерлерден 1,5 тонна ун, 11 тонна макарон, 78 литр өсүмдүк майы, 3,5 тонна күрүч, 4 миң 300 кг шекер, 1000 кг эт таратылды. Ошондой эле материалдык резервден 720 тонна ун бөлүнгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: