Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өз өлкөсүндө Charlie Hebdo француз журналына каршы доо арыз жазды. Буга чейин аталган басылма түрк лидеринин карикатурасын жарыялаган.
«Анадолу» агенттигинин маалыматына караганда, Түркиянын прокурорлору Эрдогандын адвокатынын арызынын негизинде кылмыш ишин козгошу мүмкүн.
Адвокаттын айтымында, журналдын карикатурасы «сөз эркиндигине эч тиешеси жок» ушак жана бул үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга болот. Ал прокурорлор «Президентти мазактоо» беренеси боюнча иликтөө баштаганын кошумчалады.
Charlie Hebdo Эрдогандын карикатурасын шаршемби күнү башкы бетине чыгарган. Анда жарым жылаңач болгон түрк лидери колуна суусундук куюлган идиш кармап отурганы, экинчи колу менен ислам кийимин кийген аялдын этегин көтөрүп: «Ох, Пайгамбар!» деп айтып жатканы тартылган. Карикатуранын темасына: «Эрдоган жеке жашоосунда өтө ойнок» жазылган.
Erdogan : dans le privé, il est très drôle !
Retrouvez :
👉 Laïcité : zoom sur le CCIF par @LaureDaussy
👉 Voyage dans la crackosphère parisienne par @AntonioFischet8 et Foolz
👉 Reportage à Lunéville et son théâtre par Juin➡ Disponible demain ! pic.twitter.com/jxXqKrvXbK
— Charlie Hebdo (@Charlie_Hebdo_) October 27, 2020
Charlie Hebdo бул карикатурасын Францияда мектеп мугалими Самюэль Пати өлтүрүлгөндөн кийин Париж менен Анкаранын мамилеси начарлап кеткен маалда жарыялады. Мугалим сабакта окуучулары менен сөз эркиндиги тууралуу талкуу уюштуруп, Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн. Бул үчүн ал 16-октябрда өлтүрүлгөн.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон кол салууну «исламисттик теракт» деп атаган. Ал ислам каатчылык абалында турганын белгилеп, Франциянын светтик баалуулуктарын коргоого чакырган. Бул билдирүүлөрдөн кийин Эрдоган Макронду исламофобияга айыптап, ага «психикалык абалын текшертүү» кеңешин берген. Париж Анкарадагы элчисин чакыртып алган.
Түркиянын бийлиги карикатуранын басылып чыкканын айыптап, аны «маданий расизм менен жек көрүүчүлүктү жайылтуу» аракети деп атаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ