Menu

Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат же намыска бек уул

Бөлүшүү:

Эл аралык класстагы спорттун чебери, Кыргызстандын көп жолку чемпиону, Азия жана Дүйнөлүк чемпионаттарында күмүш медалдын ээси Кутман Молдодосовдун портретине штрихтер.

Адамды адам кылып кармап турган ак эмгек. Коомдо сый урматка, бийик даражага да жеткирип, эл үчүн , мекен үчүн талбай кызмат кылган элибизде нечендеген чыгааан уулдар бар. Кыргызды кыйлага даңазалап, туубузду бийик көтөргөн, намыскөй, билими менен кошо билеги күчтүү, балбан жигиттерден уучубуз куру эмес.

Муңу айтып жаткан себебим, бир канча ирет чет жерлерде Ала-Тоо койнунда дал ушундай айкөл, ыр-күүгө жакын, шайыр мүнөз, ат жалында өсүп, мелдештерде намысты колдон жулдурбаган кыргыз деген эл бар экенин нечен ирет айгинелеп көрсөткөн уулдарыбыздын бири -Кутман Молдодосов!

“Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген накыл кеп бар элде.

Баланын эртеңки күнү коом алдында өтөгөн кызматы адал, толук кандуу адам болуп эр жетиши үчүн ата-эненин тарбиясы, берген билими, көрсөткөн жолу эң маанилүү ролду ойнойт. Жаш болсо да эли үчүн ак кызмат өтөгөн уулдарыбыздын алдыңкы сабында турган Кутмандын алган тарбиясы, шык-жөндөмү тээ теренде жатат.

Бүгүнкү күндөрдө бүткүл кыргыз эли Молдодосовдордун үй-бүлөсүн кыргыз спортуна эбегейсиз салым кошкон намыскөй үй-бүлө катары жакшы таанышат. Кутмандын атасы Өмүржан Молдодосовду – 1970-1980-жылдар аралыгында Бүткүл Союздук жана республикалык мелдештерде бир канча ирет жеңишке жетип, аты алыска угулган оор атлетчи, спорттун чебери катары таанышат. Ал эми Өмүржандын бир тууган инилери Эсен жанаҮсөн Майназаровдор да оор атлетика боюнча нечен ирет жеңиштерге ээ болгон спорттун чеберлери, башкы машыктыруучулары. Негизинен Өмүржан Моддодосовдогу педагогдук жөндөм ата-энесинен оогон. Өмүржандын атасы айылдык мектептин директору болсо, апасы да бир топ жыл мугалимдик кесипте иштеген. Мына ушундан улам кыргыз спортунун өнүгүшүнө өз салымын кошуп жаткан Кутман Молдодосов бала күнүнөн тартып татыктуу тарбия алып, ата-энесинин спортко болгон зор сүйүүсүн көрүп чоңойду.

Кутман бала күнүнөн ачык-айрым, билимге ынтызар болуп өстү. Айланасындагы көрүнүштөргө астейдил баам салган болочоктогу кыргыз чемпиону Кутман Молдодосов атасын ээрчип ишине чогуу барганда, жаш балдардын кара терге түшүп машыкканьша далай ирет күбө болгон. Башта алардын оор темирлерди көтөрүп машыгып жатканына анчейин маани бербегени менен, бара-бара ал балдарга кошулуп темир-тезектерди көтөрүп, өзү да кошо аралашкысы келди. Уулунун келечекте спорт тармагында ийгиликтерди жаратаарына ишеними арткан атасы аны өзүнүн каалоосуна койду. Ордо калаабыздагы №69 орто мектептен билим алып жаткан Кутман атасы жана бир тууган атасы Уландын жолуна түшүүнү туура көрдү. Улан Молдодосов кийин эр жеткенде дүйнөнүн булуң-бурчун кыдырып, эл аралык мелдештерде жеңипггерге жетип, кыргыз желегин желбиреткен оор атлетика боюнча чемпион.

Өзүнүн биринчи чоң жетишкендиги катары Кутман мектепте окуп жүргөндө 2000-жылы Түштүк Кореяда өткөн өспүрүмдөр арасындагы мелдеште 3-орунду ээлеп, Азия чемпиону болгондугун айтат. Андан соң арадан бир жыл өтпөй, 2001-жылы мектепти аяктаар алдында Кытайдын Тайан шаарында өткөн жаштар арасындагы мелдеште мурунку-дан да алдыга озуп чыгып 2-орунга жетип, күмүш медаль алып кайтты. Мурунку жылдагы жеңишине салыштырмалуу Кутман ошол жылы керээлден-кечке машыкканынын акыбети кайтып, бир кадам алдьша жылганын алдады…

Ошондогу элибиздин кубаньгаы, өзү менен чогуу барган жолдошторунун сүйүнүчүндө чек жок эле. Ар бир жолу жеңишке жеткен сайын медаль алаарда Кыргызстандьш желеги бийик көтөрүлүп, гимни жаңырганда Кутмандын жан дүйнөсүндө сөз менен айтып жеткире алгыс зор сыймык пайда болот. Даты да мындан бийик деңгээлге көтөрүлүп чыгып, каруусун казык кыльш машыгуу үчүн өзүнө-өзү сөз берет…

Орто мектепти аякгагандан кийин 2001-жылы Кутман – Кыргыз Архитектура жана курулуш институтуна өтүп билим ала баштады. Окуудагы жетишкендиктери менен катар бир тууган агасы Уландан кем калышпай, оор атлетика менен талбай машыга берди.

Атасы, атасынын бир тууган инилери жана өз бир туугандарынын спортту чексиз сүйүп, талбай машыгып отуруп акыры андан оң-дуу майнап чыгарып жатышканына кубанган Кутман алдьша бийик максаттарды койду.

Спорт деген эмне?

Бала күнүнөн өзүнө-өзү суроо берип, анан ага жооп издөөгө далалат жасаган чемпион ар убак спорт тууралуу ойго батканда түмөн суроолорго бет келет.

Спорт – физикалык жактан гана чындабастан, адам баласьшьш аң-сезимин тунук, акылын сергек кылып, алдыга койгон асыл максаттарды орундатууга өбөлгө түзөт!

Спорт…

Кайсы гана мамлекет болбосун, ириде спортко басым жасаары белгилүү…

Спорт аркылуу элинин аты алыска угулуп, туусу бийик көтөрүлүп, эрдикке, намыска шыктанат. Жеңишке ээ болгон балбан намыска жараса, мына ошондо гана эли кубанычтан жүрөгү толкууру турган иш. Жеңишке ээ болгон мыкты спортчу өлкөсүн кубанычка бөлөйт. Эртеңки күнгө үмүтүн арттырат. А элдин үмүтү, тилеги баарынан ыйык!

Кайсы гана өлкөгө барбайын, ар дайым мелдештерде ал ишеничин актай алсам экен – деген санааркоо менде күчтүү. Ар бир ирет мынакей, эми бут алдымда турган салмагы оор темирди көтөрөөр алдында Ала-Too койнун, кыргыз элимди, ата-энемдин, бир туугандарымдын элесин бир саамга элестетип алый, анан эркимди чьщдап туруп алдыга жөнөйм. Ушул сезим мага канат бүтүрүп, дем берет!

Бул сөздөр Кутмандын жан дүйнөсүн жарып чыгып, сезимине канат бүгүрөт…

Студенттик куракта Кутман Молдодосов Греция, Таиланд, Индонезия, Белоруссия, Сауд арвааиясы, Катар, Түркия, Япония өңдүү мамлекеттерде өткөн эл аралык мелдештерге катышып, жеңишке ээ болуу үчүн болгон күчүн жумшады. 2002-жы-лы Тайландда 2-орунга ээ болсо, 2003-жылы Индонезиядан биринчиликке жетип алтын медаль алып, элибизге кубаныч тартуулады. Өзгөчө, анын спорттогу эң жемиштүү жылдары студенттик мезгилге туура келди. Ошол жылдары Кутман Молдодосов байма-бай ийгиликтерди жаратты. 2004-жылы кайрадан экинчи сапар Тайландда болгон эл аралык мелдеште 3-орун, 2005-жылы Араб өлкөсүндө күмүш медаль алып кайлы. Ошат Араб өлкөсүндө өткөн мелдеште кыргызстандыктар чоң ийгиликтерге жетип, 8 байгелүү орундар менен камсыздаган. Ал эми 2006 жылы Түркияда болгон дүйнөлүк чемпионатта Кутман 2 орунду багындырып, күмүшкө ээ болду. Бул ийгиликтердин баардыгы Кутман Молдодосов студент кезинде жараткан ийгиликтер. Чет жакка аттанган сайын Кутмандын жеңиш менен кайтышын өзү билим алып жаткан окуу жайынын сыймыгы эле. Окуу жай менен кошо бүтүндөй кыргыз эли Кутманга жана аны менен мелдешке чогуу аттанышкан чемпиондорго ийгилик каалап, жагымдуу кабар менен кайтышын чыдамсыздык менен күтүшчү.

Өзүндөгү ачык-айрым, жөнөкөй жана шайыр мүнөзү, эмгекчилдиги, намыскөйлүгү менен кошо, атасынан оогон педагогдук тубаса жөндөмдү да бериптир. Кийинчерээк Кутман өсүп келаткан муунду, эртецки келечек ээлерин тарбиялоону максат кылып алды. Эл аральж классгагы спорттун чебери, Кыргызстандын көп жолку чемпиону, Азия жана Дүйнө чемпионаларында күмүш медаль ээси Кутман Молдодосов – оор атлетика боюнча жаштар жана чондор арасында өткөн эл аралык бир нече жолку мелдештерде өлкөбүздүн эң алдыңкы, намыстуу, жоокер мүнөз спортчусу катары таанылды. Анын тубаса машыктыруучу экендигин ушундан билебиз, оор атлетика боюнча эгемен өлкөнүн келечек ээлери болгон жаштарга таалим берип, өзүнүн аркасынан Кыргызстандын туусун бийик желбиреткен бир топ чемпиондорду кыска аралыкта эле тарбиялап чыгара алды.

Спорт колледжинде машыктыруучу катары эмгектенип жатып, Кутман Молдодосов Кыргызстандын жана Азиянын чемпионаттарына Жаңыл Окоева, Бекдөөлөт Расулбеков жана Кадырбек Айтпеков сыяктуу чемпиондорду өстүрүүгө күч-аракет жумшады. Кутмандын шакирттеринин бири Бекдөөлөт Расулбеков 2015-жылы Токиодо өткөн жаштар арасындагы чемпионала коло медалды алса, ошол эле жылы Кадырбек Айтпеков да Катарда болгон мелдеште коло медалга жетти. Дагы бир шакирти Сыргак Абдраманов Азия кубогун алып, Улан-Батордо башкы байгени багындырды. Жаңыл Окоева – Бразилияда өткөн олимпиада оюндарында чемпиондор арасында Хорунга илинди.

Эми андан бери бир топ айлар, күндөр өтгү. Жылдар алмашты…

Чоң спорло бир топ ийгиликтерди багындырып, анан өзүндөгү машыктыруучулук дарамели сезген Кутман Молдодосов Кыргыз Республикасынын оор атлетика федерациясына өз салымын кошту.

Учурда алыскы океандьш ары жагында, Америка Кошмо Штаттарынын Питцбург штатында оор атлетикада тажрыйбасын бөлүшүп, спортко талбай кызмат кылууда.

Канткен күндө да спорт деген ынтымактын, эл аралык байланьпптын жарчысы. Спорт – адам эркин курчутуп, аң-сезимин тунук, ден соолукту чың кармоого чакырык таштайт…

Жаркынай Кадыркулова

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: