“Жакында мен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана Финполициянын жетекчиси Сыймык Жапыкеевге бир катар коррупциялык схемаларды ачып берем” – деп билдирди Жалал-Абад облусунун экс-башчысы Бектур Асанов VB.KG басылмасына берген маегинде.
“Айдар Акаевдин, Максим Бакиевдин убагынан бери иштеп келген коррупциялык схемалар жөнүндө конкреттүү фактылар бар. Бул схемалар азыркы учурда деле бар. Алар: “Манас” аэропортунда, “Кыргызнефтегаз” ишканасында, Жалал-Абадда мунайды кайра иштетүүчү “Кыргыз петролеум компани” заводунда, энергосистемада бар. Учурдагы бийликтин тушунда да иштеп жатат. Бирок, алар “коррупция менен күрөшүп жатабыз” деп жатышат, коррупциялык схемага бөгөт коюуга 3 күн жетет” – деп билдирди Бектур Асанов.
Белгилей кетсек, Бектур Асанов алдыдагы президенттик шайлоого катышууну көздөгөн, бирок БШК ага документтерди кайтарып берди, анткени анын соттуулугу жоюула элек. Ал буга байланыштуу кургак ачкачылык жарыялап, эки күндөн кийин саясатчы досторунун суранычы менен ачкачылыкты токтоткон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ