Menu

Албек Ибраимов бир тууган жээни Максат Кунакуновдун жанына барды

Бөлүшүү:

КР Жогорку Кеңешинин IV чакырылышынын депутаты Максат Кунакунов 2011-2015-жылдарда Алмаз Атамбаевдин режимине каршы митингдерге катышып, анын мыйзамсыз жоруктарын сындап жүрүп бийликке жаман көрүнгөн болчу. Кекчил бийлик аны баса калып, камап салганга шылтоо таппай жүргөндө, 2015-жылы жайында УКМК Бишкектин Горький жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги бир үйдө антитеррористтик операция уюштуруп, 4 жаранды атып өлтүргөн жана бир нечесин камакка алган. Алардын биринин телефонунан экс-депутат Максат Кунакуновдун телефон номерин табышып, 2015-жылдын 22-июлунда аны УКМКнын тергөө абагына камашат да “ал террористтерге курал жана акча берип турган” деп айыпташат. “Далилдер барбы?” деген суроого атамбаевдик чекисттер “далил боло турган куралдар менен акчалар операция учурунда күйүп кетти” деп жооп беришет. Ошентип атамбаевдик чөнтөк соттор экс-депутат Максат Кунакуновду эч бир далилсиз эле 2017-жылдын январында 10 жылга кесип жиберген. Болгон күнөөсү – Атамбаевге акаарат айтып жүргөнү эле.

Ошондо Атамбаевдин оң колу болуп жүргөн Албек Ибраимов бир тууган жээни тууралу “ай ушул жаш жигит жөн жерден күйүп баратат, жазаласак да айыбын таап, далилдеп  жазалайлы” деп калыс сөзүн айтып койгонго жараган эмес. Эми тагдырдын тамашасы менен ошол бир тууган жээни камалган УКМКнын тергөө абагына өзү да камалды. Бул таба эмес, тообо сөз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: