Menu

“Чокелердин майдалары” пайда болуптур

Бөлүшүү:

Тэ-ээ илгери өлкөбүз эркиндиктин “гүлчамбарына” оронгон кезде жаңыланган жашообуз түптөлүп, ак үйдүн ичинде алгачкы “Чокчолой баатыр” пайда болгон. Күнүгө кечинде болгон олуттуу окуяны ал кайбар кагазга ороп туруп ошол учурдагы аткан октой басылмага ысыгы менен берип турган. Анан эле чакчелекей болуп жатып калышчу баары аралашып…

Деги мындай “чагылгандай жанган” маалыматтарды кайдан алышты, кимден табышты, же арабызда “шуркуя” барбы деп эле асманга чаң сапырылып айлалары куручу төбөлдөрдүн. Көрсө ал жердин “каймагын” шыпырып жегиси келген Жапаштын тың чыкма эргулу дайыма чуу чыгарып турууну көздөгөн экен. Кантсе да “кесиби” ошол эмеспи анын. Колу кычышып турса аны токтотмок беле? Капыстан “чоң этектин” алдына кирүүнүн амалын таап алган турбайбы, шумдуктуу бала. Болгондо да жаңжалдуу маалыматтын этегине “Чокчолой баатыр” деп памилиясын койуп койгону ого бетер бүйүр кызытаар эле. Ким экенин билбей далайлары башын катырган. “Үч тамганын” оперлери да көпкө чейин анын изине түшө албай абдан кыйналышкан. Акыры тилден тиштешип калгандардын айынан ошол башкы каарман “Чокчолой баатырдын” айыбы ачылган. Жапаштын кайбарынын кылык-жоруктарын көп кырдуу азамат ачыктап салган жини кашайганда. Ошентип ал кездеги “Чокенин” иши тамам болгон.

Ошол адат дале болсо токтобой күрдөөлдүү улантылып келатат. Тилекке каршы килейген мышыктар майдаланып кетти. Колго салып берген маалыматтары да өтө кичинекей болуп калууда. Тиши чоңуна өтпөсө ошентип араң дем алган чычкандарды кармап калат турбайбы кашайып. Тигил шефтин жардамчысы жарашыгы жок кийинет экен, кеңешчисинин минген унаасы Тикодон айрымасы болбой калды го деген тишке илинбеген нерселерди берет десең ээкти кемшейтип. Эми дарамети ошого жетсе анан кантмек эле? Бирок, ошондой чалагайым “кабарларды” деле баса калгандар жок эмес. Тимеле укмуштай үйлөп туруп бере салууга куштарланат андайлар. Айтор, өткөндө ак үйдүн короосунан бираз жүдөгөн, олбурлуу эмес ала мышыкты байкап калдык. Акырын каптал жагынан кирип баратыптыр. Атаганат, илгерки “Чокчолой баатырга” түк окшобойт. Антсе да мунусуна деле шүгүр дейли, “Чокеңдин” тукуму жоголо элек тура…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: