Menu

Атамбаевдин жансакчысы Эркин Мамбеталиев блогер Адил Турдукуловду 5 млн сомго сотко берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-декабрда блогер Адил Турдукулов Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан 9-декабрда анын үстүнөн өтө турган сот отурумуна чакыруу кагазын алды. Бул тууралу Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Адил Турдукулов өзү билдирди.

Чакыруу кагазы менен кошо Адил Турдукулов анын үстүнөн Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев жазган доо арыздын көчүрмөсүн кошо алган. Анда Эркин Мамбеталиев блогер Адил Турдукуловдун Фейсбук социалдык түйүнүндө аны бир нече жолу “киллер” деп атоо менен анын ар намысына, беделине доо кетиргендиги үчүн 5 миллион сомго доо койгон. Мамбеталиев арызын 21-ноябрда жазып, сотко кайрылган. Соттук териштирүүнү судья Венера Жаныбек кызы жүргүзө тургандыгы да кабарланган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Эркин Мамбеталиев көп жылдар бою Алмаз Атамбаевдин жан сакчысы болуп иштеп жүргөн жана ошол эле учурда кримтөбөл Рыспек Акматбаев менен да жакшы достук мамиледе болгон.

2006-жылы Рыспек Акматбаев Ак үйдүн алдына митинг уюштуруп, премьер-министр Феликс Куловдун отставкасын талап кылганда Алмаз Атамбаев Куловго “кааласаңыз мен Эркинди жөнөтүп, Рыспек менен сүйлөшүп, митингди таратып жиберебиз” деп сунуш кылганына бир нече саясатчылар күбө болушкан.

Полковник Чыныбек Алиевди атып өлтүргөн киллердин машинасы Алмаз Атамбаевдин гаражынан табылган жана ал үчүн Эркин Мамбеталиев менен кошо Атамбаевдин ал кездеги шоопуру Икрам Илмиянов да сурак берип жүргөн. Натыйжада сот Чыныбек Алиевди атып өлтүргөндөр Рыспек Акматбаев менен Эркин Мамбеталиев деп таап өкүм чыгарган. Эркин Мамбеталиевди андан башка да бир нече адам өлтүрүүлөр боюнча, анын ичинде депутат Жыргалбек Сурабалдиевди өлтүрүү боюнча айыптап өмүр бою эркинен ажыратышкан. Бирок, 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан кийин Алмаз Атамбаевдин кийлигишүүсү менен бир эпизод, Сурабалдиевдин өлүмү боюнча акташып, абактан бошотулуп алынган.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: