Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 15-сентябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) аткаруу комитетинин төрагасы – аткаруучу катчысы Сергей Лебедевди кабыл алды. Бул тууралу КР президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Мамлекет башчысы КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кыргызстандын төрагалыгы алдында Бишкекте өтчү юбилейлик саммитин даярдоо боюнча иш чаралар жөнүндө маалыматты укту.
Президент Алмазбек Атамбаев менен КМШнын аткаруучу катчысы Сергей Лебедев алдыдагы саммиттин күн тартибин талкуулады, анда бир катар маанилүү маселелер, анын ичинде Шериктештикти реформалоого жана аны азыркы заманга ылайыктоого байланышкан маселелер бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ