“Мен отставкага кетүүгө даярмын. Мен 3,5 миң кызматкеримди алып барып болсо да Кой-Ташта операцияны ийгиликтүү өткөрүшүм керек эле. Аз эле жоокерди куралсыз жөнөткөнүм туура эмес болгон. Мен ар бир кызматкердин өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылышым керек болчу”, – деп билдирди бүгүн, 8-августта КР УКМКнын төрагасы Орзубек Опумбаев КР Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйынында.
“Ошондуктан бүгүн, Коопсуздук кеңешинин жыйынында мен Президент Сооронбай Шариповичке “мен отставкага кетишим керек” деп ачык айттым”, – деди Орозбек Опумбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ