Menu

Кашкар Жунушалиев Москва шаарында жол кырсыгынан жабыркаган жарандарды барып көрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен 2018-жылдын 16-июнунда Москва шаарында жол кырсыгынан жабыркаган жарандарды барып көрдү. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Баарлашуунун жүрүшүндө Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев окуяга байланыштуу терең өкүнүү билдирди.

«Сиздерге тез арада сакайып чыгууну каалап, өзүңүздөр үчүн ыңгайлуу убакытта Кыргыз Республикасына келип эс алып кетүүгө чакырабыз. Дүйнөдөгү бийик тоолуу көлдөрдүн бири – Ысык-Көлдө сиздер эс алып гана эмес, күч-кубат топтоп, жаңы досторду табасыздар деп ишенем», – деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Россия Федерациясына жумушчу сапарынын алкагында жабыркаган жарандарды барып көрүп, аларды Кыргыз Республикасына эс алууга жана реабилитациядан өтүүгө чакырууну милдеттендирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: