Menu

Темир Сариевге кезек жакындап калдыбы?

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка 13-июнда кечке жуук мурдагы премьер-министр Сариев көрсөтмө берип чыкты. Ал суракка Жылуулук электр борборун (ТЭЦ) модернизациялоого байланыштуу коррупция фактысы боюнча күбө катары чакырылган. Сариев сурак мыйзам чегинде болгонун билдирип: «Экономика министри болуп турган кезде ТЭЦти оңдоп-түзөөдө тендер өткөрүү керек жана ага чоң тажрыйбасы бар уюмдар гана катышуусу зарыл” – деген көз карашты карманганы боюнча көрсөтмө бергенин айтты. Ошондой эле «Баары жайында, кыжалат болбогула» – деп кошумчалады. Коомчулук ТЭЦке байланыштуу ким күнөөлүү болсо текши жоопкерчилик тартышын талап кылып келишет. Айткандай, Сариевге Балыкчы – Корумду жолу боюнча да кылмыш иши козголгон. Бирок бул иш негедир токтоп турат. Бийликке кыйшың этсе жанданышы мүмкүн… Демек, бүгүн күбө өтүп жатса, эртең кылмышка шектүү болуп калышы кыйын эмес…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: