Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган “Чач” каймана аты бар жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 28-февралда билдирди.
Алардын айтымында, 26-февралда, Бишкек ШИИБнин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан КРнын Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, максатсыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча КЖБРге катталган сотко чейин өндүрүштүн алкагында алдын алуу чараларын жүргүзүшкөн.
Анын жүрүшүндө УКТнын мүчөсү кармалган. Такталгандай, 32 жаштагы М.Э. мурда бир нече жолу соттолгон.
Ал башкарып жүргөн “Toyota Camry” үлгүсүндөгү автоунааны тинтүү маалында, такталбаган маркадагы ок атуучу курал табылган.
Аны кармоо маалында, Чач милиция кырматкерлерин коркутуп-үркүткөн. Аны убактылуу кармоочу жайына киргизишкен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ