Тбилиси Грузиянын мурдагы президенти жана Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили Украинага кайтып келгенде, Киев аны мекенине кайтаруу жараянын баштайт деп үмүттөнөт.
Грузиянын юстиция министри Тея Цулукиани “Имеди” телеканалына берген маегинде бул саясий эмес, укуктук тергөө процесси экенин билдирди. Министр Тбилиси Саакашвилини 2014-2015-жылдары эле экстрадициялоону талап кылганын эскертти.
Цулукианинин айтымында, Саакашвили парламент депутатын сабоого, төрт миллиондой долларды коромжуга учуратууга, 2007-жылдагы тынч митингди кууп таратууга жана “Имеди” телекомпаниясын талкалоого тиешеси бар деп айыпталууда. 2015-жылы апрелде Украина мурдагы президентти куугунтуктоо аракети жүрүүдө деген жүйө менен Саакашвилини депортациялоодон баш тарткан.
Грузин саясатчысынын украин атуулдугу жокко чыгарылганы 26-июлда белгилүү болгон. Буга Саакашвилинин эки жыл мурда украин жарандыгын аларда жалган маалыматтарды көрсөткөнү себеп болду деп кабарланган.
Саакашвили 2015-жылдын 30-майында украин жарандыгын алып, Одесса облусунун башчысы болгон. 2016-жылы ноябрда ал бул кызматтан кетип, аймакта коррупция менен күрөшүү мүмкүн эместигин, себеби өлкө президенти Петр Порошенконун буга түздөн-түз тиешеси бар экенин билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ