Menu

1942-1943-жылдарда 18 жашында Кара-Кулжадан согушка кетишкен Жунус жана Таши Жакыповдордун тагдырлары

Бөлүшүү:

Улуу Ата-Мекендик согуштагы күжүрмөн эрдиги 75 жылдан кийин билинген жоокер Жакыпов Жунус, 1924-1944-жылдар

1944-жылы Кыргызстандагы туугандарына Жакыпов Жунус согушта курман болгондугуна байланыштуу «кара кагаз» келген. Андан башка эч кандай маалымат жок болуп ың-жыңсыз кеткен. Жакыпов Жунустун бир тууган агасы Жакыпов Ташинин (ал да согушка катышкан) маркум инисинин өлгөнүнө көпкө чейин ишенбей, анын тирүү экендигин жүрөгү сезип жаткандыгын айтканын туугандары эскеришет.

Быйыл “Память народа” сайтында  Жунус Жакыпов жөнүндө маалыматтар(нагрудной листок) жарыялангандан кийин бир тууганынын жүрөгү сезгендиги бекеринен эместигин туугандары көзгө жаш алып эскерип олтурушат.

Жакыпов Жунус  1924-жылы ал кездеги Совет районунун Кара-Кулжа айылында туулган. Улуу Ата- Мекендик согуш башталганда 18 жашка толгондугуна байланыштуу чакыруу алып (үйлөнө да элек, жапжаш бойдон)

1942-жылы сентябрь айында согушка кеткен. ВЛКСМдин мүчөсү болгон.

1943-жылы согуштук даярдыктан өтүп, майданга кирген. Кызыл Армиянын 156-аткычтар дивизиясынын, 361-аткычтар полкунун, 2-аткычтар батальонунун пулеметчиги болгон.

1943-жылдын 1-ноябрында согуштагы күжүрмөн эрдиги бааланып, «За отвагу» ордени менен сыйланган.

1943-жылдын 30-октябрь күнүндөгү Псков областынын «Кармалинец» айылы үчүн салгылашууда немецтик баскынчылардын курчоосунда калып, немецтер «Русские сдавайтесь!» деп кыйкырып буйрук берип баштаганда Жакыпов Жунус шамдагайлык менен пулёмоттун крючогун тартууга үлгүрүп 4 немецти атып жок кылган, 1 жоокерин туткунга түшүргөн.  1943-жылдын 31-октябрь, эртеси күнкү душмандын контратакалык мизин кайтарууда салгып, пулёмоту менен оң флангды коргоого милдеттенме алып, 10дон ашык немецти атып жок кылган. Жалпысынан 20 баскынчыны жок кылгандыгын, жана 1 немецти туткунга түшүргөн.

1943-жылдын 6-ноябрында 361–аткычтыр полкунун командири, майор М.Веселовдун сунушу менен, «За особую храбрость, самоотверженность и мужество, проявленные при защите отечества» деп, согуштагы башкы-өкмөттүк сыйлыктардын бири болгон «Кызыл Туу” орденине көрсөтүлүп, Прибалтика фронтунун №489 буйругу менен 1943-жылдын 25-ноябрында тапшырылган/сыйланган.

1942-1945–жылдар аралыгында Жунус Жакыпов СССРдин Витебск, Петрозаводск, Рига шаарларын бошотууга катышкан.

Кайсы жерде, кандай болуп өлгөндүгү жөнүндө так маалымат ушул күнгө чейин белгисиз.

Белгилүүсү Жакыпов Жунус Ата–Мекен үчүн бүгүнкү жаркын жашоо үчүн баатырларча кызмат өтөгөнү.

Таши Жакыпов, 1922-2008-жылдар

1922-жылы Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кулжа айылында туулган. Ошол убактагы Тельман колхозунда иштей баштаганда 1943-жылы Советтик Кызыл Армиянын катарына чакырылып, Ташкентте бир ай машыгууда болуп андан соң, согуш майданына аттанат.

Согушта Москва шаарын коргоого катышып, андан кийин Ленинград блокадасында, Финляндияда, Латвияда согуш майданында болот. Польшада жарадар болот.

Улуу Ата-Мекендик согуштун I-даражадагы медалы, «Ленинград блокадасынын» медалы,  «За отвагу» медалы, «За Сталина» медалы, Улуу Жеништин 30,40,50 жылдыгы медалдары менен сыйланган. Эмгек ардагери медалынын ээси.

Согуштан кайтып келгенден кийин Өзгөн райстат бөлүмүндө, Кара-Кулжа, Алайкуу аймактарында инструктор, андан кийин Совет райондук почтада, үзүрлүү эмгектенип, пенсияга чыккан.

Өмүрлүк жубайы Жакыпова Зулайка, экөөсү 6 уул, бир кызды тарбиялап өстүрүштү.

2003-жылы Меккеге сапар тартып барып, мусулманчылык милдетин аткарып, ажы болуп келген.

2008-жылы согушта каза болду деп “кара кагаз” алган инисинин өлүмүнө ишенбей жүрүп, жарык дүйнөдөн кайткан.

Автор Замирбек Даминов

Кара-Кулжа району, Ош облусу

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: