Бүгүн, 26-сентябрдын кечинде Бишкектин Биринчи май райондук соту КР Аскер прокуратурасынын өтүнүчүн аткарып, Алмаз Атамбаевдин 2013-жылдан берки жан сакчысы Канат Сагымбаевди 8-октябрга чейин Бишкек СИЗОсуна камакка алуу тууралу чечим чыгарды.
Канат Сагымбаев 24-сентябрда кармалып, 48 саатка Бишкек гарнизонунун аскердик гаупвахтасына киргизилген эле. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдалануу”, “Топтошуп алып адам өлтүрүү”, “Массалык башаламандыкты уюштуруу” жана “Тергөөчүнүн иш-аракеттерине тоскоолдук кылуу” беренелери боюнча айыпталып жатат.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ