Menu

Тажикстанда каза болгон куткаруучунун туугандары анын өз жанын кыйганына ишенишпейт

Бөлүшүү:

Куляб шаарынын өзгөчө кырдаалдар штабынын башчысы Азизмад Юсуповдун ата-энеси анын өз жанын кыйганына ишенбей, окуянын кылдат тергелишин талап кылышууда. Азизмад Юсуповдун сөөгү 19-февралда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жер төлөсүндө табылган.

«Прокуратурадан уулум өз жанын кыйганын айтышты. Бирок мен буга ишенбейм. Анткени жер төлөнүн шыбы бийик эмес, адамдын башы тийип турат. Мен алгач аны муунтуп, андан кийин өзү асынып алган деп ойлошсун деп жер төлөгө алып келишкен деп эсептейм», — деди маркумдун атасы Солех Юсупов.

Бирок бул иш боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жаткан Кулябдын укук коргоо органдары Юсуповдун өз жанын кыюусуна жубайынын туугандары менен урушуп кеткендиги себеп болгонун билдиришүүдө. Соттук-медициналык экспертиза анын канында алкогол болгондугун көрсөткөн. Мындан улам жергиликтүү бийлик ал асынуу жолу менен өз жанын кыйган деп эсептөөдө.

Укук коргоо органдарындагы өз булактын айтымында, Юсупов жубайынын туугандары менен урушуп кеткен. Үйүнө келгенде өзүнө кол салгысы келип, бирок аны аялы токтотуп калган. Кийин күйөөсү менен урушкан жубайы төркүнүнө кеткетнде Азимад асынып алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: