Menu

Liglass Trading: ГЭСтерди курууга 500 млн доллар салууга даярбыз

Бөлүшүү:

Чехиялык Liglass Trading CZ SRO компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга 500 миллион доллардай инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу Нарын облусундагы курулушу токтоп турган каскадда өткөн брифинг учурунда компаниянын өкүлү Йиржи Войтеховски ​ журналисттерге билдирди:

– Биз келишимдин алкагында Жогорку Нарын ГЭСтер каскады долбоорун 500 миллион долларга чейин инвестициялоого даярбыз. 10-июлда биз “Ак-Булуң” жана Нарын ГЭС-1 долбоорун куруу боюнча биринчи этаптагы макулдашууга кол койдук. Ага болжолдуу түрдө 230 миллион доллар инвестиция керектелет. Биз убада бергендей, келишимге кол коюлгандан бир жума өткөндөн кийин биздин инженерлер, адистер тобу иликтөө үчүн келишти. Бүгүн эки створдо иликтөө иштери жүрүп жатат. Бардык инвестиция Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн кепилдигисиз жүрүп жатат. Бардык талаш-тартыштар Кыргызстандын мыйзамына ылайык чечилет. Эгер жаңылыштык кетирип, өз убадабызды аткарбасак 57 миллиондой доллар Жогорку Нарын ГЭСтер каскадында уставдык капиталыбызды калтырабыз. Бардык салыкты толук өлчөмдө төгөбүз. Бизде эч кандай жеңилдик жок. Биздин жетекчибиз 26-июлда Бишкекке келип, расмий маалымат жыйын куруп, бардык суроолорго жооп берет. Биз, чехтер олуттуу инвесторбуз. Эч качан кыргыз элин уят кылбайбыз.

Чехиялык Liglass Trading CZ SRO компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерде утуп алган. Курулуш тууралуу келишимдерге 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү кол койгон.

Өткөн аптада чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты “Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат” деген макала жарыялагандан кийин бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жаратты. Компания менен кызматташпоого чакырган өкмөттүк документтин көчүрмөсү делген кат да интернетте тараган. Кечээ Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев бул маселе боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, чех компаниясы 30 жумушчу күндүн ичинде сыналарын билдирген эле.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: