Menu

Улукбек Кочкоров: “Ар бир айылда мигранттардын балдарын жок дегенде 10 күндө бир жолу барып “денесинде көк-ала жокбу же барбы” текшериш керек

Бөлүшүү:

Ар бир айылда, ар бир райондо мигранттардын балдарын жок дегенде 10 күндө бир жолу барып “денесинде көк-ала жокбу же барбы” текшериш керек. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

“2018-жылы декабрда, 2019-жылы январда бир нече балдардын үстүнөн зордук-зомбулук 8 факты катталган. Ошол 8 фактынын төртөө балдардын өлүмүнө алып келген. Ошондон улам Республикалык деңгээлде штаб уюштурулуп, ар бир мэрияда, ар бир райондордо штаб иштеп чыкты. 700 миң үй-бүлөнү кыдырып, 106 975 мигранттардын балдары каттоого алынган. Эң өкүнүчтүүсү, биз ошол ишти жүргүзүп жатканда коомчулукка билинбеген, официалдуу органдардан расмий түрдө регистрациядан өтпөгөн 55 факт үй-бүлөлүк зордук-зомбулук аныкталган. Анын ичинен 27си сексуалдык зомбулукка кабылган. 10-12 жашар кыздарды бир эмес, 2,3 адам зордуктап жүргөн фактылар катталган. Ошондон улам, балдарды коргойбуз десек, 1-июнда балдарга балмуздак алып бербей, системдүү түрдө балдардын укугун жер-жерлерде коргой турган органдарды же кызматтарды түзүшүбүз керек деп айтканбыз. Ар бир айылда, ар бир райондо мигранттардын балдарын жок дегенде 10 күндө бир жолу барып “денесинде көк-ала жокбу же барбы” текшериш керек”, – деп билдирди министр Кочкоров.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: