Ааламдагы атактуу футбол чебери Златан Ибрагимович океандын ары жагынан кайра Европага келатат. Батыштын ММКларынын жазып жаткандарына таянсак ал жакында Испаниянын королдук клубу болгон «Реал»(Мадрид) клубу менен келишимге кол коюлушу күтүлүүдө. Интрига деген азыткы ар бир жерде бар окшобойбу. Дал ушул интриганын айынан З. Ибрагимович а дегенде Франциянын ПСЖ клубунан кетип, андан соң Англиянын «Манчестер Юнайтед» клубунда эки сезон ойноду. Ал жерде да ыйкы-тыйкы болуп акыры АКШга кетип калган. Аталган континенттеги «Лос-Анджелес Гэлакси» футбол клубунунда ойноп, өзүнүн кереметтүү чабуулдары менен мыкты голдорду жаратып жатканын футбол фанаттары жакшы билет. Эми, Батыш маалымат каражаттары маалымдап жаткан маалыматтарды эске алсак, 37 жаштагы атактуу футболчу Златанды жаңы жылдан тарта кайрадан Европанын футбол талаасынан, Мадриддин «Реал» клубунан көрүп калышыбыз толук мүмкүн.
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ