Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Эсенгул Момункуловдун ишмердүүлүгү боюнча өз көмөчүнө күл тартып, өзүнүн жеке фирмаларына каражат тартып келеби деген сыяктуу күмөндүү, шектүү маалыматтар жарык көргөн эле. Көп өтпөй эле Момункулов: «Ооба, мен бизнесте жүргөнмүн, жеке фирмаларым бар болчу. Бирок өкмөттүк жумушка тартыла турган болгондо, дароо баарын ишенимдүү башкарууга өткөрүп бергем. Азыркы кызматым эч кандай жеке кызыкчылыктарга жол берүүчү, тендер жарыялоочу же лицензия берүүчү органда эмес. Андыктан кызматты кыянат пайдаланууга негиз дагы жок”, – деп актанды.
Ылайым ошондой болсун дейли. Кокус, түпкү ниетин жашырып, жеке кызыкчылыгын мамлекеттики менен айырбаштап жиберсе, ал жоругу тез эле билинет.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ