29-ноябрь күнү Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жалпысынан 48 айылды, 36 орто мектепти, 8 бала бакчаны жана 80,067 калкы бар айыл жергеси менен жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында Кызыл Туу айыл аймагында милициянын аймактык бөлүмчөсү ачылды. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Мындагы жакшы саамалыкка Жалал-Абад ОИИБнин башчысы, милициянын полковниги А. Мамасейитов, Ардагерлер кеңешинин төрагасы К.Исаков, Сузак районунун акими, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, жеке ишкерлер жана ак-сакалдар катышты.
Жалал-Абад ОИИБнин демилгеси менен бул аймактык милиция бөлүмчөсүн курууда марафон өткөрүлүп, Сузак районунун администрациясынын, айыл өкмөтүнүн, айылдык жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен жалпы суммасы 3 миллион сомго жакын акча каражаты имарат курууга жумшалган.
Ал эми аймактын милиция бөлүмүнүн ачылуусунда Жалал-Абад ОИИБнин башчысы А.Мамасейитов: “Милиция кызматкерлери эл менен жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барышып, элдин бейпил турмушун жакшыртып, кылмыштын изи сууй электе кылмыштардын бетин ачууга аймактык милиция бөлүмчөсү өбөлгө түзөт”,- деп өз ишеничин айтып өттү.
Эске салсак, буга чейин ноябрдын башында Аксы районунун Ак-Суу айылында милициянын аймактык бөлүмчөсү ачылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ