Menu

КРнын КЭРдеги Элчиси К. Бактыгулова “Кыргызстандын көп колдонулуучу мыйзамдарынын” кытай тилинде басып чыгарылган жыйнагынын бет ачарына катышты

Бөлүшүү:

19-апрелде КРнын КЭРдеги Элчиси К.Бактыгулова Саясат жана укук кытай университетинин басмасында чыгарылган “Кыргызстандын көп колдонулуучу мыйзамдарынын” кытай тилинде басып чыгарылган жыйнагынын бет ачарында катышты. Мыйзамдардын которулуусу Түндүк-Батыш педагогикалык университетинин Борбордук Азия өлкөлөрүн изилдөө борбору тарабынан ишке ашырылган. Жыйнакка он мыйзам кирди: Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк кодекси, Кыргыз Республикасынын тышкы миграция жөнүндө мыйзамы, Кыргыз Республикасынын чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө мыйзамы, Кыргыз Республикасынын инвестициялары жөнүндө мыйзамы, Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө мыйзамы, Кыргыз Республикасынын салык кодекси, Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамы, Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамы, Кыргыз Республикасынын жарандык- процессуалдык кодекси.

Бул китеп Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мыйзамдарынын кытай тилине которулган сериялуу жыйнакка кирет. Белгилеп кетчү нерсе, Борбордук Азия мамлекеттеринин мыйзамдарын которууда Кыргызстан биринчи өлкө катары тандалып алынган. Бул демилге “Бир алкак, бир жолдун” мүчөлөрүнүн ортосундагы мыйзамдарды жөнгө салуу тармагындагы алмашууну кеңейтүүгө жана укуктук суроолордо кызматташтыкты бекемдөөгө үндөйт.

К.Бактыгулова өзүнүн сөз сүйлөөсүндө Түндүк-Батыш педагогикалык университети аябагандай чоң жумушту аткарганын белгиледи. Бул жыйнак Кыргызстан менен Кытайдын элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүүнү тереңдетүүгө, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана инвестицияларды илгерилетүүгө түрткү болоорун билдирди, себеби кытай жарандары жана инвесторлору китепте өздөрүнө керектүү бардык маалыматты таба алышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: