Бүгүн, 25-мартта өкмөттүн брифингинде ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарында жашап, иштеп жүргөн, бирок каттоодон башка аймакта өткөн жарандар жашаган жеринен жашагандыгы тууралуу маалымат кагазын алыш керектигин билдирди.
“Бишкек шаарында каттоодон өтпөгөн адамдар азыркы жашап жаткан жеринен жашагандыгы тууралуу маалымат кагазын алууга тийиш. Ошондой эле, иштеп жаткандар иштеген жеринен маалымат кагаз алуулары керек”, – деп айтты Алмазбек Орозалиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ