Menu

Кыргызстанда Батыровдун ЕККУ жыйынына катышуусу нааразылык жаратууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Социал-демократтар фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева Кадыржан Батыровдун ЕККУ жыйынында айткандарына баа берүүгө эл өкүлдөрүн чакырды. Депутат оор кылмыштар үчүн сыртынан соттолуп, издөөдө жүргөн Батыров аталган уюмдун отурумуна чакырылганы, ага сөз берилгенине нааразылык билдирди.

“Жикчил Батыровдун кечээги билдирүүлөрүн парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн талкуулап, бүтүм чыгарсын деп кайрылам. Бүгүн Жогорку Кеңеш да ага саясий баа бериши керек. Кыргызстан көз карандысыз мамлекет. Жикчилердин эл аралык аянтчаларды колдонуп, адам укугу үчүн күрөшүүчү катары чыгышы жол берилгис нерсе”, -деди эл өкүлү

Батыров 20-сентябрда Варшавада өткөн ЕККУ жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршылыгын, өзүнүн өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу жаңы кылмыш ишинин козголушуна нааразылыгын айткан. Кыргызстанда аз улуттардын укуктары басмырланып жатканын да кошумчалаган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги анын айткандарын четке кагып, Батыровдун ЕККУ жыйынына катышканына нааразылыгын билдирди.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Жалал-Абаддагы өзбек улуттук-маданий борборунун жетектеп турган Кадыржан Батыровго 2010-жылы Кыргызстанда улут аралык жаңжалды козуткан, жикчилдикке чакырган, калайман башаламандык уюштурган деген айып тагылган жана өмүр бою эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Ал алты жылдан бери издөөдө жүрөт.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: