Menu

Азамат Ногойбаев Сокулук РИИБнин башчысынын милдетин аткаруучу кызматына дайындалды

Бөлүшүү:

Ногойбаев Азамат Болотбекович-милициянын полковниги. 1980-жылы 12-июлда туулган. 2002-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Юриспруденция бөлүмүн аяктаган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

1997-жылдан баштап ички иштер органдарында иштейт. Ички иштер органдарында өзүнүн кызматын Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү катары баштаган. Кызмат учурунда ыкчам ыйгарым укуктуу өкүл, ага ыкчам ыйгарым укуктуу өкүл, өзгөчө иштер боюнча ага ыкчам ыйгарым укуктуу өкүл катары иштеген.

Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Чүй облусунун Жайыл РИИБнин башчысынын орун басары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен криминалдуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы, Кыргыз Республикасынын ИИМдин УККББнын башчысынын орун басары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары катары жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Кызмат учурунда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын түзүмдүк төш белгилери менен сыйланган.

Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин буйругу менен Сокулук РИИБнин башчысынын орун басарлары дайындалды: милициянын подполковниги Амантур уулу Марлис жана милициянын подполковниги Кеңешбек уулу Олжобек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: