Menu

Иманкадыр Рысалиев: “Азыркы Конституциянын көзгө көрүнгөн да, көрүнбөгөн да кемчиликтери бар”

Бөлүшүү:

КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын эл аралык мониторинг жана демократияны өнүктүрүү институтунун Бишкек филиалынын директору Иманкадыр Рысалиевдин тегерек үстөлдөгү сөзү.

 — Урматтуу кесиптештер, биздин чакыруубузду кабыл алып, актуалдуу тема боюнча тегерек үстөлгө катышууга мүмкүнчүлүк тапканыңыздар үчүн сиздерге ыраазычылык билдирип коюуга уруксат этиңиздер. Бул тегерек үстөл коомдук өнүгүүнүн жүрүшүнө чоң таасир этерине шек жок.

Конституциялык түзүлүш чөйрөсүндө кабыл алынган туура эмес чечим — биз кыргызстандыктардын баары үчүн коомдук өнүгүүнү кечеңдетүүдөн тартып, мамлекетти кыйратууга чейинки өтө оор натыйжаларга алып келерин баарыбыз жакшы билебиз.

Кээ бир өлкөлөрдүн тарыхында тең салмактуулугу сакталбаган конституциялык түзүлүш коомдук башаламандыкка, бийлик үчүн эч кандай эрежеси, чеги жок  күрөшкө, акыр аягында болсо, болуп көрбөгөндөй мыкаачылык менен коштолгон кандуу жарандык согуштарга алып келген. Бул көрүнүштөр эчак болуп өткөн, бизден алыс, бизге тиешеси жок дегенде болбойт. Мындай окуялар көп өлкөлөрдө бүгүн да болуп жатат.

Биз тегерек үстөлдүн уюштуруучулары компетенттүү кишилер катары конституциялык реформанын эксперттик коомчулуктун, жарандык коомдун активдүү бөлүгүнүн жана депутаттык корпустун арасында талаш туудурган жерлери боюнча сиздердин объективдүү, негиздүү пикирлериңиздерди угабыз деп үмүттөнөбүз.

Биздин жарандарыбыздын көбү алты жылдан бери өздөрү кайсы өлкөдө: президенттик-парламенттик өлкөдө, же парламенттик-президенттик өлкөдө жашап жатышкандарын түшүнүүгө аракет кылып келишүүдө.

Баардык кыргызсандыктар үчүн Конституция кабыл алынгандан кийинки алты жыл ичинде эмне үчүн алты өкмөт алмашканын билүү кызык болсо керек деп ойлойм.

Партиялык негизде гана шайланган парламент партиялык шайлоо программасы боюнча үч премьер-министрди шайлады, алар болсо парламенттин трибунасынан “биз партияда жок премьер-министрлербиз” деп айткандарын кантип түшүнсө болот? Бул кыргыз партиялык парламентинин кандайдыр бир түшүнүксүз ноу-хаусу го.

Биз баарыбыз бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин парламенттик көпчүлүк  коалициясы өздөрү шайлаган үч өкмөттү шерменде кылып, отставкага кетиришкендерине күбө болдук, бирок, парламенттик көпчүлүк коалициясы болсо тарабастан, улам жаңы өкмөттөрдү түзүп жатты.

Азыркы Конституциянын алкагында аракеттенип, бешинчи чакырылыштын кээ бир депутаттары көпчүлүк коалициянын курамында турганда өздөрүнүн фракция лидерлерин оозуна талкан салгансып, үн катпай колдоп турушту, бирок, парламенттин ичиндеги бийлик өзгөрүп, өздөрүнүн фракциялары парламенттик оппозицияда калар замат, фракциянын ичинде арыдан бери депутаттык топторду түзө коюшуп, кандайдыр бир жолдор аркылуу парламенттик көпчүлүк коалициясы менен биргелешип иштөө боюнча келишимге кол койгонго жетишишти.

Урматтуу тегерек үстөлдүн катышуучулары, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын, өлкөнүн президентинин жана өкмөттүн аракеттеги Конституциянын алкагындагы тажырыйбасы уникалдуу жана ал терең ой жүгүртүүгө татыктуу.

Азыркы аракеттеги Конституциянын көзгө көрүнгөн да, көрүнбөгөн да мүчүлүштүктөрү бар, алардын натыйжасында аңдап-түшүнүүгө мүмкүн болбогон коомдук-саясый процесстер пайда болууда.

Мунун баары терең коомдук экспертизаны талап кылат. Биз бул жагынан сиздердин катышууңуздардан жана жардамыңыздардан үмүт кылабыз.

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ырахмат!

Даярдаган Бекбол АЙДАРОВ

Булак: Азия Ньюс

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: