Menu

Өлүм алып келген жүктүн ээси ким?

Бөлүшүү:

Кыргызстан, кыргыз эли, дүйнөлүк коомчулук 16-январдын таңында Дача СУ айылындагы авиакырсыктын кайгысынан арыла элек, маркумдардын жакындарынын көз жашы токтогон жок. Өткөн жумада бейкүнөө шейит кеткендер жерге берилди.

Алардын арасында бүтүндөй бир үй-бүлө мүчөлөрү жапырт каза болушуп, артында жалгыз гана жети жашар туягы калган Жакшылык Шералиевдин 26 жашар ата-энеси, эки карындашы каза болушуп, бир күндө, бир үйдөн төрт табыт чыкты. Бул үй-бүлөнүн үйү бомба түшкөндөн да бешбетер жер менен жексен болду. Жалпысынан 38 адам набыт болду.

Кыргыз эли байыркы жоокерчилик заманда деле мындай апаатты, бүтүндөй үй-бүлө мүчөлөрү уктап жаткан бойдон оо дүйнөгө кете берген кыргынды баштан өткөрбөсө керек. Душман деле бизге мындай өлүм менен кайгыны башка салбагандыр!?

Канткен менен жалпы элибизден айланса болот. Бийлик ойлонуп, толгонгончо жер-жерлерде ыктыярдуу жардамдар топтолуп, акчалай да, азык-түлүк, кийим-кечек түрүндө көмөк көрсөтүлүп жатат. Акыркы маалыматтар’ боюнча. авиакырсыктан жабыркагандарга чогултулган накталай акчанын суммасы 30 млн. сомго жетти. Айрыкча муфтият, дин кызматкерлери жума намазын жалпы республика боюнча авиакырсыктан шейит кеткендерге арнап окушуп, акча чогултуп жатышат.

Бирок демейде шайлоо, бийлик талашуу учурунда теле, радио, гезит, сайттардан укмуштуу убадаларды берген саясый партиялар менен бай-бизнесмендердин мындай каргашалуу күндөрү дайын-дареги билинбей, дымып калышы баарыбызды таң калтырууда. Ал эми президент А.Атамбаевдин Ак үйдөн жарым сааттык аралыктагы кырсык болгон Дача СУ айылына барып, окуяны өз көзү менен көрүп, жакындарынан ажырагандарга көңүл айтпагандыгы жана маркумдарды жерге берүү тажиясына катышпагандыгы элдин нааразычылыгын жаратып, социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүп жатат. Айрым бийликтин сөзүн сүйлөп, барабанын дүңкүлдөткөн маалымат каражаттары менен “дежур” серепчилер “Президент кырсык болгон жерге барыш, барбашты өзү билет”,- дешсе, көпчүлүк эле жалпы эл шайлап, “журт атасы” аталган мамлекет башчысы ал жерге барууга милдеттүү экендигин айтышууда. Ал тургай ошол эле “Фейсбукка” экс-президент К.Бакиевдин 2007-жылы Кочкордо, кийин Алайда зилзала болгондо ал жактарга барып, куран окуп, таштын үстүндө отурган сүрөттөрү жарыяланып кетти.

Адам баласынын башына кыйынчылык түшкөндө анын тегерегиндегилердин деңгэзли сыналгандай эле ушул апаат күндөрү кимдин ким экендиги, адамкерчилиги менен пастыгы, боорукерлиги менен ташбоорлугу ал тургай бирөөлөрдүн өлүмүнөн ырахат алган арамзалыгы кашкайып билинип калды. Медакадемиянын аспирант-окутуучусу Таттыбүбү Дөөталиеванын элди экиге бөлгөн социалдык тармактарга жарыяланган трайбалисттик пикири үчүн баарыбыз кейип жатканда башка да катарыбызда эле жүргөн журналист- кесиптештерибиз, ал тургай аксакалдар менен абройлуу адамдар тээ архивде калып, туалетке түшүп кеткен сасык сөздөрүн кайра сүйлөп, эсибизди ого бетер оодарды.

Алакандай гана кыргыз эли эмнеге бири-бирибизди жек көрөбүз? Улуулардан “мураска” калган ушул бөлүнүп-жарылуучулук менен коралбастык адатыбыздан кантип кутулабыз? Баарынан да назик деп саналган аялзаты, жаш кыздарыбыздан мээсинде трайба­лизм илдети эмнеге коргошундай уюп калган? Мындай ушундай суроолорго акыркы, айрыкча Эгемендүүлүк жылдары мамлекетибизде идеология жоголуп, бийлик, байлык талашуудан, өзгөчө революция – төңкөрүштөрдөн кийин бийликке келгендер жалаң гана өздөрүнүн жердештерин майлуу, сүттүү кызматтарга коюп, кайра эле бийлик менен депутаттыкка жетүү үчүн жалаң жердештерине басым жасап, башка аймактардын элин мамлекеттин душманы катары жамандаган “стратегиясынын” кесепети тийүүдө деп жооп берсек болот. Ошондуктан эл аралык, дүйнөлүк деңгээлди мындай кой, улуттук деңгээлге чыгуу үчүн Т.Дөөталиевага окшогон трайбализмдин уусу на уулангандарды жоопкерчиликке тарткан мыйзамдан тартып, саясый, маданий багытта иш чараларды жүргүзүү керек.

Ал эми каргашалуу учактын кандай жүк алып келгендиги ачыкка чыгып кеткен менен анын ээси ким экендиги “Манас” аэропортуна май куюу же жүк түшүрүү үчүн кайрылгандыгы табышмак бойдон кала берүүдө. Түркиялык MyCargo авиакомпаниясынын жетекчи орун басары Хамза Тыглай акыркы ирет кыйраган учак “Манаска” жүк таштоого эмес, май куюп, экипажды алмаштырууга келгенин билдирди. Бирок ушул авиакомпаниянын жетекчилиги учактын жетиштүү күйүүчү майы болгондугун, ал жүк түшүрүү үчүн “Манаска” конууга тийиш болгондугу тууралуу маалымат тараткан болчу.

Парламентте “Ата-Мекен” фракциясынын лидеры Өмурбек Текебаев ага Туркиядан “Боинг-734-400”учагы Бишкекке жүк түшүрүү үчүн конууга тийиш болгондугу тууралуу маалымат алгандыгын айткан. Анын маалыматы боюнча, 85 тонна жүктөн бул “бизнес” менен шугулданган адам орто эсеп менен 25 млн. доллар пайда көрөт. Баса, MyCargo авиакомпаниясынын жетекчилиги мурда “Манаска” 52 ирет конгондугун да шашылыппы же туура элеби, билдирген. Тилекке каршы, 38 адамдын өмүрүн алып, бүтүндөй элибизди кайгыга салган өлүм алып келген жүктүн ээси белгисиз бойдон кала берүүдө…

А.Белеков

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: