Интернетте Өзбекстандагы пенсионерлердин митингин чагылдырган видео тарады. Анда ондогон киши Суркандарыя жана Денау райондук администрацияларынын имаратынын алдында пенсияларын пластик карталарга которбой, накталай түрдө берүүнү талап кылышууда.
Пенсионерлер пластикалык картадагы акчаларын накталай түргө которуп алуу учурунда 22-27 пайыз комиссия кармалып жатканын билдиришүүдө. “Менин атым Боймурат Намозбобо, 80 жаштамын. Пенсияларыбызды алып жатканда 20 миң сумдан кармап калып жатышат. Ошондуктан карылар чогулуп жергиликтүү бийликке келдик”– деди карыя.
Тасманы Фейсбукка жайгаштырган “Президент Ш.М. Мирзиёевдин тарапташтары жана колдоо командасы” тобунун түзүүчүсү Бахтияр Хасан баракчасына акимдер пенсионерлер менен жолугушуудан качып жатканын, себеби алар эски ыкма менен иштешерин жазды.
Бирок Денау районун акими бул маалыматты четке какты. Ал пенсиялар убагында берилип жатканын, эч ким администрация алдына митингге чыкпаганын билдирүүдө.
https://www.youtube.com/watch?v=d1I3AeZIry4
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ