Menu

Кыргызстанда 40 жыл мугалим болуп иштеген адам 3,5 миң сом менен пенсияга чыгат

Бөлүшүү:

Кыргызстанда 40 жыл мугалим болуп иштеген адам 3,5 миң сом менен пенсияга чыгат. Бул тууралу бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин отурумунда “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда КР Социалдык фондунун төрагасы Теңизбек Абдыжапаров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Кыргызстанда 40 жыл мугалим болуп иштеген адам канча сом менен пенсияга чыгат?” – деп сурады “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев Абдыжапаровдон.

“40 жыл мугалим болуп иштеген адамдар азыр 3,5 миң сом менен пенсияга чыгып жатышат. Анткени пенсиянын көлөмү ар бир жарандын социалдык фондго чегерип жүргөн төлөмдөрүнө жараша болот”, – деп жооп берди Теңизбек Абдыжапаров.

“Бул туура эмес болуп жатат. Силер 40 жыл мугалим болуп иштеген адам пенсияга чыгаарда анын акыркы 10 жылдагы айлыгынан болгон төлөмдөр менен гана 3,5 миң сомго пенсияга чыгарып коюп жатасыңар. Ал болсо мугалимдин айлыгынын аздыгынан болуп жатат. Ал эми айлыкты көбөйтүүгө бюджеттин тартыштыгы жол бербей жатат. Ошол мугалим 40 жыл ичинде, айрыкча СССРдин убагында алган айлыгынын көлөмү чоң болгон жана ал айлыктарынын эсебинен бюджетке көп төлөмдөрдү жана салыктарды төлөп келген. Силер ушуну эске албай жатасыңар”, – деди Кенжебек Бокоев.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: