Элге «чоң муштум» катары таанылган Нурбек Мурашев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайын жана мелиорация министри болуп келгени мекеме сындан башы арылбай койду. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов айыл чарба тармагында жарытылуу жумуш жасабай эле, министрлик Статистика комитетинин бир бөлүмүнүн милдетин гана аткарып калганын айтып чыкты. Бул жагдайды премьер-министр Сапар Исаков да мойнуна алып: «Айыл чарба министрлигинин статист болуп калганы чын. Анда 5 миң 280 кызматкер иштейт. Алардын санын кыскартуу оюбуз бар. Бир айдын ичинде мындан үч ай мурун башталган талдоо иштери бүтөт, анын жыйынтыгында чечим кабыл алынат”, – деп билдирди.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ