Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов Өкмөттүн үлкөндөрүнө азуу көрсөттү. Буга вице-премьер министр Кубатбек Бороновдун Чүй облусунун Кемин жана Москва райондорунун акимдерин кызматтан алууну сунуштаган демилгеси себеп болду. Сунушка Туйгунаалы мырза каршы чыгып: «Катуу кеттиңер го. Кеңешип иштесеңер» – деп, үрпөйдү. Бирок анын курушкан куйкасына эч ким маани берген жок. Натыйжада, ар кандай кемчиликтери үчүн Чүй облусунун Москва жана Кемин райондорунун, Жалал-Абад облусунун Токтогул жана Аксы райондорунун, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Тоң райондорунун башчылары иштен алынмай болду. Айрымдар муну шайлоого карата даярдыктын башталышы катары сыпатташты.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ