Кечээ, 11-февралда ырчы Самара Каримова вице-премьер-министликке кандай адам келе турганын Инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты.
Ырчы айымдын айтуусу боюнча, чек арада жашаган адам вице-премьер-министр болушу керек.
“Разаков Жеңиш Парпиевичтин ордуна чек ара маселелерин түшүнгөн, чек арада жашап чоңойгон адам вице-премьер-министр болушу керек. Биз Баткендиктер чек аранын, 1 метр жерибиздин да кадырына жетебиз. “Ана чечилет, мына чечилет” депғ жылдар ото бербесин… Баткендин кызы катары жеке оюм! Өрүк зарлуу Баткеним Кыргызстандыкы ! Мен кичи мекениме 2 жумада бир барып турам. Чек араны коруп, тынчтык болсун деп тилеймин! Эки мамлекеттин тынчтыгы керек! Энелерибиздин тынч уйкусу керек” – деп жазган.
Мындан сырткары Самар Каримова: “Бирок мени көрсөтпөңүздөр, мага али эрте деп” – тамаша ирээтинде кошумчалаган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ