Эл арасында Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев пара алып жатканда алынып, Улуттук коопсуздук кызматынын тергөөчүсүнүн сейфинде кылмыштык далил буюму катары сакталган 200 миң доллардын жоголгону жөнүндө ар кандай кептер айтылып жатат. Айрым маалыматтарга караганда, акча казиного салынып кеткен. Албетте, коомчулук ага ишенет. Тилекке каршы, берилген паранын катылган акчасы Кыргызстанда гана уурдалышы мүмкүн. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.
«УКМК акча жоголгон эмес дейт. Анда эмине үчүн ал акча сотто көрсөтүлгөн жок? Аскер прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартышы керек. УКМК да өзүнүн абыроюн сактоо максатында, бул иш боюнча жүйөлүү жооп берип, уурдалды деген акчаларды, алардын катталган номурларын жарыя көрсөтүшү керек. Ансыз эл оозунда ар кандай жоромолдор кептер айтылып, нааразычылыктар жарала берет», – деди депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ