Menu

Тынчтыкбек Шайназаров, ЖК депутаты: “Коррупцияга шектелгендерге күрөө колдонулса, нааразылык акциялары болбойт эле”

Бөлүшүү:

– Тынчтыкбек Ураимович, «айыпталуучуларга карата күрөөнү колдонуш керек» деген сунушуңузду чечмелеп берсеңиз?

– Өзү негизинен жазык-процессуалдык кодексте баш коргоо чарасы катары «күрөө» деген бар. А бирок, практикада биздин укук коргоо органдары, тергөөчү, прокурор, соттор көпчүлүк учурда камоону тандап атышат. Экономикалык кылмыштар боюнча же кызмат абалынан кыянат пайдалануу жолу менен мамлекетке, коомчулукка материалдык зыян келтирген учурда айыбы угузулганда, баш коргоо чарасы катары күрөөнү колдонуш керек. Мисалы, бир миллион сом уурдаган адамга карата 3 млн. сомдук күрөөнү колдонуп, аны депозитке коюп койсо, ага өзүнүн күнөөсү жок экенин эркиндикте жүрүп далилдегенге мүмкүнчүлүк болот. Эгер качып кетчү болсо, ал күрөө мамлекеттин эсебине өтөт. Андан тышкары, мунун дагы бир жакшы жери, митинг, жол тосуу сыяктуу нааразылык акциялары болбойт эле.

– Бош жүргөндө ал тергөөгө таасир этүүгө аракет кылышы мүмкүн да?
– Эгер тергөөгө таасир эткен ошондой жагдай болсо, албетте, баш коргоо чарасы өзгөртүлүүгө тийиш. Ал тергөөчүнүн же прокурордун демилгеси менен карала берет. Баш коргоо чарасы катары күрөө колдонулдубу, ал качып кетпеши, тергөөгө тоскоолдук кылбашы керек. Мунун баары мыйзамда көрсөтүлгөн. Бирок,тергөөчү, прокурорлор аны колдонбой жатышат. «Жүз сом зыян келтирдиңби, 300 сом депозитке кой» десе айыпталуучулардын көпчүлүгү «камакта отургандан көрө» деп макул болот. Эгер ал качпай, бүт эрежелерди сактаса, сот тарабынан акталып чыкса, ал акчасы кайра кайтарылып берилет да.

– Анда эмне үчүн күрөө практикада колдонулбай жатат?

– Башка прокурор аларга суроо бериш керек да, «эмне үчүн колдонбой жатасыңар?» деп. Балким, ал жерде кандайдыр бир көрсөтмө болгонбу, «экономикалык, кызматтык кылмыштар боюнча только камайсыңар» деген. Бирок, күрөөнү колдонуш керек, себеби ал мыйзамда турат.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: