Алмазбек Атамбаев бийликти өткөрүп бергенден кийин өзүн экс-президенттен оолак тутуп, учурдагы бийликтин этегин кармап кеткен КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов спикер болбой калгандан тарта ичи муздап калды. Спикерлик кызмат үчүн Сапар Исаковду премьер-министрлик кызматтан шыпырып түшкөнгө чоң салым кошуп, бирок көксөгөнүнө жетпей калып эми сындоого өттү. Азырынча президентке тиш салганга даабай, өкмөттү: «Жалгыз айыл чарбасы менен тигүү өнөр жайын карап отура бербей, тамак-аш сындуу тармактарды да экспортко чыгаруу жолдорун караштыруу зарыл. Кыргызстан ЕАЭБ алкагынан четтеп калуу коркунучу бар, биз андан сурулуп калбашыбыз керек. Коңшу өлкөлөр өз товарларын Кыргызстандын базарына толтуруп салды», – деп күпүлдөп.
Өкмөттүн эскиче иштеп, стратегиясы жок экенин, ошондон улам экономика өнүкпөй, ири ишкерлер четке кетип жатканын кошумчалады.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ