Menu

Темир Сариев, экс-премьер-министр: “Азыркы кейпибиз мурунку режимдин саркындыларына майдай жагып жатат…”

Бөлүшүү:

– Темир Аргенбаевич, биз билгенден сиз дагы 2010-жылдагы окуялардын чордонунда болгонсуз, башкача айтканда аны ишке ашыргандардын катарында болгонсуз. Ошол кезде кырдаал кандай болуп, эл жеңишине алып келген эле?

– Чынында, катуу нерселерди баштан өткөрүп, бычактын кыры менен баскан күндөр болгон. “Эртең бар болосуң, же жок болосуң” деген, бир күндөн кийинки тагдырыңды биле албаган убакта жашаганбыз. Буга ошол кезде органда иштеген адамдар күбө. 2010-жылы 5-апрелде Москвага учуп кеттим. 6-апрелде кайра Бишкекке келип, жетисинде Сокулуктагы митингге катышмакмын, пландар ошондой болчу. Жер-жерлердин баарында митинг болуп атпады беле. Анан эле 6-апрелде бардык оппозиция өкүлдөрүн четинен камай башташты. Мага бул жактан телефон чалышып, “Сен Москвадан келбе, ошол жакта кал, бул жакта баарын камап салышты, сен келсен сени да камашат”, – деп айтып атышты. Асия Сасыкбаева да телефон чалып чыркыраган. Ага көнбөдүм, баарын камап атканын угуп туруп алтысында Бишкекти көздөй жолго чыктым. Келгиче учакта ар кандай ойлорго баттым, “үй-бүлөм эмне болот, жакындарым кандай күндү көрүшөт, кайда алып барып өлтүрүшөт, өлүгүбүз табылабы же дайынсыз жоголобузбу?”- деп да ойлодум. Түшөөрүм менен аэропорттон кармашты. Эч качан башымды жерге салып көргөн адам эмесмин. Аттанып чыккандан кийин Жараткан колдойт, анткени ишибиз ак, дилибиз ак. Эгерде ультиматумдук жол менен тирешүүгө барабыз десек, бара беребиз. Кооз сөздү мен да сүйлөйм, менин да тилимден чаң чыгат. Бирок, чечим кабыл алып, жоопкерчиликти алып, баштаган иштин алдында туруу баарынын эле колунан келе бербейт. Мен 7-апрелде Москвадан келип камалдым. Кээ бири ок атылып атканда качып барып жашынып отурган. Ошол эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү. Аттарын атагым келбейт, бирок бул тарых. УӨдө да ар түрдүү адамдар, ар башка көз караштагылар чогулганбыз. Бизде бир гана кызыкчылык: үй-бүлөлүк бийликке каршы туралы деп сүйлөшкөнбүз. Сүйлөшүүгө келүү да оңойго турган эмес. 2010-жылы 23-24-мартта Бакиев филармонияда 2000 адам чогултуп “Ынтымак курултайын” өткөргөн. “Классикалык демократиядан жададым, кеңешме демократиясын орнотом” деген. Аны коштоп, колдоого алышып, туура кыласыз дешкен. Кеңешме орган жети адамдан турмак, Курманбек, Жаныш, Марат, Максим Бакиевдер, өкмөт башчы, спикер, Жогорку сот төрагасы. Бардык нерсени ушул жети адам чечип калмак. Кандайдыр бир себептер менен президент ыйгарым укуктарын аткара албай калса жети адам эл менен эсептешип отурбай эле Максим Бакиевди президент кылып шайлап салышмак. Ушуну көрүп туруп чыдай албадык, бириктик. 23-мартта “Ак шумкар” партиясын митингге алып чыккам. Балдарды милиция кызматкерлери чыркыратып сабап баштаганда, мен чуркап баргам: “Аларда күнөө жок, мен уюштургам, мени камагыла”, – деп. Мен качкан эмесмин, аялдын көйнөгүн кийип качкандар болгон, бирөөнүн үйүнө жашынып калгандар болгон.

– Ошондогу элдин тилектери ишке аштыбы?

– Мына ошол күндөрдөн бизге калган чоң сабак – ультиматум коюудан четтеп, аны чечүү жолдорун издеш керек. Албетте, революцияга катышкан адамдар азыр ар кайсы позицияда болуп, таркап кеттик. Бирок, мына ушул турушубуз мурунку режимдин саркындыларына майдай жагып жатат. Алар ушул күндү күтүшкөн. Бардыгыбыз таркап кетсек, алар кайра келсе. Ошондуктан азыр чечүүчү убак. Биз демократиялык жол менен кийинки президентти шайлай алабызбы же эл жеңишин уурдатып беребизби? Ооба, менин дагы акыркы окуяларга жүрөгүм ооруду. Ошондуктан, бийликти да, оппозицияны да сабырдуулукка чакырам. Тынчтыкка келели. Камакка алуудан мурда ишти тергеш керек. Күнөөсүн далилдеп камаш керек. Бул жагынан алып караганда, бийликте олтургандар да гумандуулукка келүүсү шарт. Антпесе, дагы бир толкундоо жүз алса, биз мамлекетти жоготуп алышыбыз мүмкүн…

Булак: “Майданkg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: