Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн учурдагы курамына канааттанбай тургандыгын кыйытты.
Анын айтымында, азыркы министрлер менен иштөө оор болуп жатыптыр.
Депутат Жанар Акаев өкмөт башчыга: “Келаткан 2019-жылы министрлер кабинетинин курамын өзгөртүү оюңузда барбы? Балким, сиз коргоо министрлигин калыбына келтирип, же компакттуу курам түзөөрсүз?” – деп кайрылган.
Премьер-министр депутатка: “Өкмөттүн курамында өзгөрүүлөр болот. Жаңы жылдан кийинби, же мурунбу, айтор, сөзсүз өзгөртүү керек. Ал жаңы структураны кандайча натыйжалуу иштетүү боюнча өзүмдүн оюм бар” –деп жооп кайтарган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ