“Бүгүн саат 17.00.дөрдө кудам Бекболот Талгарбековдун үйүнө УКМКнын 20 чакты кызматкери келип, кудамды кармап кетишиптир. Үйүндө аялы менен кызы калган. Азыр УКМКнын 4-5 кызматкери үйүн тинтип жатышат”, – деп билдирди Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Бекболот Талгарбековдун кудасы Касымалы ага.
“Үйүнүн сыртынан УКМКнын кызматкерлери курчап алышыптыр. Бизди да үйгө киргизбей жатышат. Азыр баары такталгандан кийин маалымат жыйынын өткөрөбүз”, – деди Касымалы ага.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ