Menu

Алтынбек Сулайманов: “Мен муляжга каршымын”

Бөлүшүү:

Мен да муляжга каршымын! Мындай пикирин бүгүн “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Муляж тууралуу социалдык тармакта талкуу болуп кеткени мен өз оюмду айтканы туура келип жатат. Улак тартыш – кыргыздын канына миңдеген жылдар бою сиңип калган оюн, салт! Улак тартыш бул шамдагайлык, күч, командалык оюн, ат сыноо! Кыргыз үчүн тарбиялык маниси өзгөчө салт. Жоокерлик заманда жигиттерди улак тартышка тартуу менен бала кезден аскердик даярдыкка тартышкан, тарбиялашкан.
Улак тартыштын чоң философиялык мааниге ээ жоболору бар. Улак тартышка сала турган улак, теке, торпокту соёрдун алдында аксакалдар, уюштуруучулар, калыстар чогулуп, «ушул улактан аттын туягы жабыркабасын, жигиттин чекеси жарылбасын» деп бата кылышкан.
Улак тартканда улакчы колу менен улактын туягын, терисин сезе билиши керек, астына оморгондо буту менен сезе билиши керек. Улак тартыш бүткөндө уюштуруучулар сак-сактап кайтарышат, себеп дегенде аты мыкты, билеги күчтүү улакчылар алып качып кетүү салты да болгон. Андай болуп калса, кайра баштан улак салганга туура келет, намыска жыгылып калышы мүмкүн.
Улак тартыш бүткөндөн кийин бата менен башталган оюн, бата менен бүткөрүлгөн.
Улак тартылгандан кийинки эттин бир бөлүгүн дарылык касиети бар деп сыйлуу кишилерге берилген, экинчи бөлүгүн уюштуруучуларга жана үчүнчү бөлүгүн кийинки улак тартышты уюштуруучуга тартуу кылышкан. Улакты колунда бар киши, же бир канча адам сүйлөшүп өткөрүп келген.
Ошондуктан муляж тартабыз деп жүздөгөн жылдар улут катары сакталып келген салтыбыздан арылып калбайбы?
Ар бир улут өзүнүн салты менен өзгөчө!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: