Menu

Ырчы аким

Бөлүшүү:

Аксы районунун акими Медет Айдаралиевдин да акимдик ишине Унгар-Тоонун тегерегиндеги ызы-чуу чекит коюшу толук мүмкүн. Кербен шаардык кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйынында Өкмөттүн  Унгар-Тоону Өзбекстандын жери деп тааныган протоколун колдоп берүүсүн Айдаралиев да өтүнгөн. Анын өтунүчүн шаардык кеңештин депутаттары четке каккандан бери, жергиликтуу кеңештин депутаттары акимдин районду башкарууга моралдык укугу барбы деген маселени көтөрүп чыкмай болуп жатышыптыр. Медет Айдаралиев чоңдордун көңүлүн ыр менен алганды жакшы өздөштүргөнүн билгендер арбын экен. Кана Меке, бир созуп койчу?-деген сөздү укканда эле Айдаралиев ордунан тура калып, Бек Борбиевдин ырларынан созолонтуп кирет экен. Аны бир топ кесиптештери, облусту башкарган губернаторлор “ырчы аким” деп тамалашап да коюшчу тура. Кээ бир адамдар “Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышарга теңи жок” деген сөздү, “Аксыдан чыккан Медет, ыр менен кепке жетет” деп өзгөртүп да алышыптыр.

Булак: “Жаңы ОРДО”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: