“Геннадий Павлюк менен Алманбет Анапияевдин өлтүрүлүшү коёндош окшош, биринчиси мурунку бийликтин, экинчиси азыркы бийликтин буйрутмасы менен өлтүрүлгөн”, – деп билдирди саясат талдоочу Табылды Акеров Бишкекте өткөн Сөз эркиндиги форумунда чыгып сүйлөп.
“Азыркы бийлик 2009-жылы журналист Геннадий Павлюкту өлтүргөндөр ким экенин билишет жана алар менен кызматташат окшойт. Ошолорду пайдаланып 2015-жылы Алманбет Анапияевди буйрутма менен өлтүртүштү. Анткени былтыр парламенттик шайлоого карата бир топ адамдар, анын ичинде журналисттер Алманбет Анапияевге барып жолугуп келишкен. Алманбет Анапияев шайлоого чоң таасир берүүгө камданып жаткан”, – деди саясат талдоочу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ