Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко мурдагы коопсуздук кызматкерлерин элдик кошуундарга биригүүгө жана кыргызстандык элдик кошуундардан үлгү алууга чакырды. Бул тууралуу “ТАСС” агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 29-октябрда өткөн жыйында Александр Лукашенко мыйзамды жана тартипти камсыз кылуу боюнча элдик кошуундардын ишмердүүлүгүн күчөтүү, мурдагы аскер кызматкерлерин алардын катарына тартуу жана аларды курал-жарак менен камсыз кылуу зарылдыгын билдирди.
Президент Лукашенко мисал катары Кыргызстанды атады.
«Башаламандык, бардык күч органдары качып кетти, өлкөнү коргой турган эч ким жок. Жоопкерчиликти ким мойнуна алган? Элдик кошуундар. Алар качып бараткан милиционерлерди, аскер күчтөрүн өздөрүнө тартышты. Ошондой эле бардык өрттөр 24 сааттын ичинде өчүрүлдү», – деди Лукашенко.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-6-октябрдагы башаламандыктан кийин Орусиянын башкы оппозициялык саясатчысы Алексей Навальный өзүнүн Твиттердеги баракчасында кыргыздарды “крутой” деп атаган. Андан тышкары журналист, белгилүү блогер Илья Варламов дагы кыргыздар Беларустарга мотивация болду болуш керек деген ой-пикирин билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ